Саясат

Жылдыз Жолдошова: «Элди «кидать этип», «арзан пиар» менен алектенген, мамлекет башчысы, мамлекетти жоготууга алып келиши мүмкүн»

Мындай пикирди саясатчы, экс-депутат Жылдыз Жолдошова билдирди.

Кыргыздын мыкты кызы, Элнура Кулуеванын мен жөнүндө жазган көз караштары көп экен. Элнура рахмат, эми Сиздер, жаштар иштегиле. Кимиси өлкө башчысы болбосун, таза иштөө менен, «улуттук намысты» тебелетпей, акыйкатты мыйзамдан бийик коюп, адилет бийлигин жүргүзгөндө гана, мамлекет өнүп өсөт.

Ал эми, мажирөө, алсыз, чечкинсиз, намысы, өз позициясы, принциби жок, айткан сөзүнөн, бат эле баш тарткан, ага ишенген адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп, ошолорду эле эмес, керек болсо, элин кошо «кидать этип», «арзан пиар» менен алектенген, мамлекет башчысы, өлкөнү алдыга тартмак турсун, мамлекетти жоготууга жол ачып коюшу мүмкүн.

Ошондуктан, улут атасы, өтө намыскөй болуш керек…

Дооронбек Садырбаев аксакалыбыз айткандай, «кайран кыргыз элим, көргөнүңөн, көрө элегиң көп окшойт» дегендей, дагы бизди эмнелер күтүп турат, аны бир жараткан билет», – деп белгилеген Жолдошова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *