Журналист: Анжелика бакты кыйдырганы үчүн коомчулуктан кечирим сурап, ордуна бак тиксин!

Журналист: Анжелика бакты кыйдырганы үчүн коомчулуктан кечирим сурап, ордуна бак тиксин!

24-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Журналист Баяна Кулова кечээ, 23-январь ырчы айым Анжелика Кайратовна кыйдырган бакка алууланып, элден кечирим суроосун талап кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, жол кырсыкка жол жээгинде өскөн бак күнөөлүү эмес.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

«Анжелика тез арада КООМЧУЛУКТАН КЕЧИРИМ СУРАП, ордуна кайра дарак тиксин. Аймактарды жашылдандыра албай жатсак, бул апчем былтыр авария болгон жердеги күнөөнү жол эрежесин бузбай айдаган өзүнөн эмес, дарактан көрүп кыйдырып келиптир.
Ким уруксат берди?….
Кырсык дарак барбы жокпу болгусу келсе болот.
Ар кимибиз кырсык болгон жерибиздин дарактарын кыя берсек жан калабы!!!!
Анжеликадай бизде саман, дарак өсүп турсун. Аны таба албайбыз. Өсүшү өтө көп жылдарды талап кылат.
Бак дарактардан күнөө издебей, жол эрежесин бузбай айдаганды үйрөнгүлөчү!», — деп жазган ал.

Эске салсак, Анжелика бүгүн 2021-жылдын дал ушул күнү кыздары менен кетип бара жатып жол кырсыкка кабылгандыгына байланыштуу, кырсык болгон жерге барып даракты кыйдырып, мал союп куран окуткан.