Жумгалдын Чаек айылында жолбун иттер мал-жандыктарга кол салып жатышат
25-баш оона, 2018-ж // //Жумгал районунун Чаек айылынын тургундары айылды аралап үйүр тобу менен жүргөн жолбун иттер мал жандыктарга кол салып жатышкандарын билдиришти.
Айыл активисти Аскат Ильязовдун айтымында айылда өңү башы бөлөк, чоң иттер жүрөт. Тургундардын мал-жандыктарын чарбактардан, көчөлөрдө жана талаада оттоп жүргөн жерлеринен жеп кетип жатат.
«Бул жолбун иттер күнү-түнү элдин тынчын алышты. Азыр айыл тургундарынын көбүнүн мал-жандыктарына кол салышууда. Аларга 20га чукул майда жандык жем болду. Буларга тез арада чара көрүлүшү керек. Мергенчилер чогулуп буларды аттырбаса элге залакасы тиет», — деди Ильязов.
Чаек айыл өкмөтүнүн орун басары Айгүл Токтоналиева учурда иттерди аттыруу үчүн чаралар көрүлүп, мерченчилер тартылышы күтүлүп жатканын ырастады.
Булак: Турмуш