Жоо жакадан алганда, ит этектен алат болду

Жоо жакадан алганда, ит этектен алат болду

30-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыргыз-тажик чегарасында эки күн мурда жаңжал болуп, ок атылды. Эгерде жетекчилерибиз убагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аракеттерди көрбөгөндө согуш оту тутанып кетмек.
Тажик тарап ошону гана күтүп турган болчу. Алардын ою биз ойлогондон алда канча коркунучтуу.
Ошол кезде Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин, президентибиздин эмгегин баалабай жумурткадан кыр издеген үркөрдөй топ соцтармактарда жан алы калбай сын айтып жатты. Бул албетте бийликке жетпеген саясатчылардын ич күптүсү, мекендин тагдырына алардын кайдыгер экендиги.
Мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кеткени жатса, бул жактан бийликке жетүүнүн аракетин көрүп, бунт чыгарууну эңсеп жатат. Ушулардын кесепетинен мамлекетибиз узак убакыттан бери оңоло албай келет.

Касымбек Жумаев