Жол жүрүүдө  абайла аралыкты сакта кар көчкү түшөт

Жол жүрүүдө абайла аралыкты сакта кар көчкү түшөт

18-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жаан чачындуу аба ырайына байланыштуу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар деп билдирет ӨКМ басмы сөзү2022-жылдын 18-мартында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101, 108-113 чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2022-жылдын 18-20-марттарында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 18-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда абдан катуу жаашы күтүлөт. 18-19-марттарда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.