Жол кирени накталай тлй албаган казактар коомдук транспортту колдоно албай жатат
06-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваКазакстанда коомдук транспорт кадимки режимде иштегени менен интернеттин үзгүлтүккө учурашынан улам төлөй албагандар автобустарга түшө албай жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат басылмалары жазып чыкты.
Маалыматта кечээ саат 17.00 чамасында казакстандыктар кызмат көрсөтүү жана товарлар үчүн банк карталары менен төлөй албай калышкан. Ушундан улам жол жээгинде жайгаштырылган банкоматтардын алдында узун кезек уланууда. Эл картадагы акчаларын накталоого дадалат кылышууда дешет маалымат булактары.
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. 4-5-январда Алматыда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болду. Бүткүл өлкө боюнча алар интернетти өчүрүп, бир катар телеканалдарды көрсөтүүнү убактылуу токтотушту.