Жигитимди тартып алганың үчүн өч алгым келет
18-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСен биздин жашообузга келгени менин тагдырымды талкалап келесиң. Мен сени жек көрөм. Күн алыс түшүмө жигитимдин күлүмсүрөп мени тиктеп турганы кирет. Жанына баргым келет, мурдагыдай эркелеп, колдору чачымды сылаганын сагынам, күтөм. Мерез ажал менден жакын адамымды бөлүп кеткениң аз келгенсип мент кабыл албай келесиң. Эки жолу жигитимдин артынан анын дүйнөсүнө кирейин дедим кабыл албадың. Ушунчалык мерезсиң ажал.
Өткөн күндөрүмдүн баары эсимде. Акыркы жолу жигитим мени туулган күнүмдө он сегиз баш кыпкызыл роза гүлүн берип, “сен мен үчүн ар дайым он сегиздесиң. Мен сени өмүрүм өткөнчө он сегиз жаш деп кабыл алам”- деп күлгөнү. Туулган күнүмдөн эки күн өтпөй досунан уктаган жеринен каза болуп калганын уктум. Аалам аңтарылып жер үстүндө тура албагандай абалда өзүмдү жоготтум. Өзүм менен кошо жан дүйнөм уурдалды. Бири жолу дары ичип көрдүм. Өлгүм келди. Бирок өлбөй калдым. Экинчи жолу катуу келе жаткан машинанын астына чуркап чыктым. Бутум сынды дагы тирүү каллым. Мени сен жигитиме кошуудан ичи тардык кылып койдуң. Мен сенден баары бири өч алам ажал. Жан дүйнөм ооруп, жашоом супсак өтүп жатканына сен күнөөлүсүң…