Жигитим мени менен, мени сүйүп калгандыктан эмес,апама жакындаш үчүн гана жүрүптүр…

Саламатсызбы… Эми мен үйгө барбайм. Себеби өткөндө бир бала менен таанышкам, ал бала менден 7 жашка улуу болчу. Артыман калбай ухаживайтетип, карап, жумуштан чыксам үйгө жеткизип жүрдү… аанан көпкө созбой эле менин сүйлөшкөн кызым бол деди. Мен ойлонуп жакшы эле бала окшойт деп макулдугумду бердим. Ошентип 1 ай сүйлөшкөндөн кийин апан менен тааныштыр, таанышам анан менин апам менен таанышасың деп калды. Мен ишенип ишенбей укканыма тактап сурасам ооба деди. Үйгө барып апам менен сүлөшсөм апам дароо макулдугун берип эртен үйгө алып кел деди. Эртеси жигитим жасанып чачын алдыртып костюм шым кийип үйгө келди мен оозумду ачкан бойдон калдым. Баары жакшы эле болуп жаткан бир маалда апам магазинге барып сок торт алып кел деп жөнөттү. Жигитим менен апам андан ары чай ичип отуруп калышты. Магазин алыс болчу. Үйдөн акча алганды унутуп калыптырмын жолдун жарымынан кайтып келип үйгө келсем жигитим апама айткан сөздөрүн угуп алып шок болдум.… Уккан кулагыма ишенбей кирип бара калсам жигитим мени менен, мени сүйүп калгандыктан эмес, апама жакындаш үчүн гана жүруптүр… Шок болуп туруп калсам жигитим мен сени эмес сенин апаңды жакшы көрөм, апаң менен мен мурунтан эле тааныш болчумун деп уялбай айтты. Өзүмө келип кийимдеримди чогултуп уйдөн чыгып кеттим.

Add your comment

Your email address will not be published.