Жетимдин арманы:14 жашымда зордукталып, турмушта көрбөгөн кордукту көрдүм

Жетимдин арманы:14 жашымда зордукталып, турмушта көрбөгөн кордукту көрдүм

03-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Жетимдер үйүндөгү азаптар. Айгеримдин татаал тагдыры

 

Жетимдер үйлөрүнө мамлекеттик бюджеттен жыл-сайын эбегейсиз чоң каражаттагы суммалар бөлүнүп турат. Ага карабастан ал жактагы асыроого алынган жетим балдарын турмушу начар. Элементардуу эле күнүмдүк керектелүүчү буюм-тайымдары жана азык-түлүктөрү жетишсиз. Мышык ыйларлык тамак-аш, итке жакпас медициналык тейлөө жана эптеген билим берүүсү адамдын кыжырын кайнатат. Жетимдер үйүндө болуп жаткан мыйзамсыздыкты жана беспределди Билим берүү министрлиги жаап жышырып, жетимдерди кордоп жаткандарды ушу күнгө чейин калкалап, колдоп келишет.
Возможно, это изображение (3 человека и люди стоят)
“Динибизде жетимдин акысын жеген адамдын аркы дүйнөдө тозоктун оту менен курсагын толтура тургандыгын, ал эми жетимдин мал-мүлкүн ал эрезеге жеткенге дейре жакшы сактоонун нукура адамгерчилик экендигин, баса белгилейт жана жетимдин мал-мүлкүн талап жегендик – адамды абдан зор балээге кабыла турган нерсе экендиги да эскертилген.”

Айгеримдин тагдыры кабырганы кайыштырат.

Ал жети жашында Чүй мектеп-интернатына түшөт. Айгерим биринчи классты гана аяктаганына көңүл бурбастан, аны кабыл алып жатканда мекеменин кызматкерлери боюна карап бешинчи класска отургузуп койгон. Тарбиячылар тарабынан көргөн ырайымсыз жаман мамилелерден соң ал бир нече жолу өзүнүн жанына кол салууга аракет кылган. Кийинчерек, Айгеримдин мүнөзү жаман деп аны жетинчи класстан, тогузунча класска секиртип коюшуптур.

“Эң жакшы үй – ичинде жетим жакшы каралган үй, эң жаман үй жетимге жаман мамиле”.

2019-жылы, Айгеримди «Жетим балдардын укугун коргоо» деген уюмга өткөзүп берет, булар өз милдетин так аткарбаган, начар уюм деп таанылган. Кызматына кыянаттык менен мамиле кылган фонддун кызматкерлеринин айынан, ал кыз үйлөнүү үлпөт тоюна чыгып кетет. Ал жактан күйөө баланын достору аны мас кылып кезектешип зордуктап салышат. Бул окуя көп өтпөй эле тынчыйт, укук коргоо кызматкерлердин айтымында алар өз ара эле чечишип алабыз деп, доо арыздарын кайтырып алышканын билдирген.
Айгеримдин тагдырын барактай берсек, ал зордукталган соң социалдык коргоо Министрлигине караштуу кризистик борборго туш болот. Ал жактан анын документтерин жок кылып, Айгеримди экспертизадан өткөзүп жаңы документ жасап берип анын жашын 22 деп оңдоп коюшкан. Жыйынтыгында Айгерим 14 жашында эне болуп калган. Эми ал жетим бала же болбосо жалгыз эне деген жөлөк пулду дагы деле ушул күнгө чейин ала албай келет. Мындан тышкары камкордук жана көзөмөлчүлүк органы анын баласын алып, өзүн көчөгө кубалап салышкан.
Ушундай татаал убакытта, кыйналып жатабыз дейсиңер. Айгерим учурда эмне кылып жатты болду экен?

Учурда Айгерим жардамга өтө мукташ абалда, жашай турган да жери жок. Баласын сагынып ыйлап, кайра кайтара албай бук болуп жүргөн кези. Билими да 3-класс баланыкындай бойдон эле калган. Келгиле, баарыбыз биригип Айгеримдин бакыты үчүн акыйкатты талап кылып колдон келген жардамыбызды берели. Айгерим сен жалгыз эмессиң, эстүү адамдар сен менен сени колдойт. Чыдай тур алтын кыз, буйруса баары жакшы болот!
 «Путеводная звезда» жетим балдарга жардам берүү фондду Айгерим сексуалдык кордук көргөн кезден бери жардам берип, акыйкаттуу чечимдерди талап кылып келишет.Бул фонд Айгеримге жардам берүүгө атайын эсеп счетун ачыптыр. Колдон келсе, аянбагала, аманатты ээсине жеткизет деп ишенели. Фондун жетекчиси Юлия Якунина баардык жоопкерчиликти мойнуна алган!
Карта «Элсом»: 0999113316 (код агента 14536)
 Карта банка «Optima»: 4169 6151 8599 1068
Булак: ФБ Тентек кыз