Жеке унаа менен барууга тыюу салынды. Эртеңки инаугурацияга депутаттар автобуста барышат
27-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин депутаттарына жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына жеке автоунаа менен келүүгө тыюу салынды. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин жыйынында кулактандыруу жасады. Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн бардыгын чогуу-чаран автобустар менен алып барып, алып келет.
«Эртең Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабына саат 8:30га чогуласыздар, автобустар саат 9:00дө жөнөйт. Чакыруубаракчасы жана кызматтык күбөлүгүңүздөр сөзсүз түрдө жаныңыздарда болушукерек. Жеке транспорт менен барууга тыюусалынат. Ин-чара бүткөн соң Жогорку Кеңештин имаратына кайра эле ошол автобустар ташып келет», — деди Касымалиева.
Ошондой эле ал инаугурацияга байланыштуу парламенттин бейшембидеги жалпы жыйыны болбой урганын эскертти.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи эртең, 28-октябрда, Улуттук филармонияда өтөт.