Жасмина: “Күйөөмдү массажистен кызганып жатам, тарттырып ийбесем экен”
24-аяк оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы сайттын админдер. Мен чоң эжелердин кеңешине муктажмын. Үй-бүлөм бар. Күйөөм жакшы жерде иштейт. Эч нерседен кем эмесмин, кызым төрт жашта. Күйөөм экөөбүз үйлөнгөнү бири-бирибиздин телефонду карабайбыз, тактап айтканда текшерүүнүн, кызгануунун ордуна ишеним менен жашап келебиз. Өткөндө столдун үстүндө турган телефонуна вотцаптан смс келди. Анда “качан келесиң” деген сөздү окуп калып күйөөмө айтпай телефонун алып вотцабын карадым. Анда Массажиска деген бирөөдөн келиптир. Экөөнүн жазышкандарында массаждын түрлөрү жана баасы тууралуу сүйлөшүшүптүр. Аватарда сулуу кыздын сүрөтү турат. Негедир ичим тызылдай түштү. Бирок күйөөмө сыр берген жокмун. Ошондон бери эле күйөөмдүн денесин башка аял кармалап массаж жасап жатканын элестетип алып жаман болуп жатам. Көбүнчө аялдар ушундай жол менен башка бирөөнүн күйөөсүн тартып алганын окуп жүрөм. Ушинтип унчукпай жүрө берип тарттырып ийбейминби? Тажрыйбалуу эжелер мага кеңеш бериңиздерчи.
Жасмина