“Жашоом жашоодой болбой баратат…”
17-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЭки балам бар. Күйөөм ичет, кол көтөрөт. Кетип калайын дейм, кайнежелерим жакшы. Кайнатам да жакшы киши болчу, бир жыл болду кайтыш болуп кетти. Атам жок – жашоо жок болуп бараткансыйт. Атам кайтыш болгондон бери күйөөм экөөбүз урушуп, айласы кеткенде “сени өлтүрөм” деп колуна бычак алат. Эки агам бар, бирок аларга айткым келбейт. Апам эки жылдан бери ооруп жүрөт. Рак оорусуна чалдыккан. Аларга айтпай эле кетип калсамбы дейм. Апама айтып, оорунун үстүнө оору кошкум келбейт. Бирок жашоом жашоодой болбой баратат. Кеңешинерди бергилечи, сураныч?..
Айдай