Коом

Жашоо маңызсыз, тирүү эмес, же өлүк эмес сыяктуу жүрүп калдым…

Жыйырма төрт жашка чыкканча бирөөгө моюн берип көз каранды болбогон, ишимден да баардык жагынан көйгөйү жок, каалаганымды жасап, далай жигитти артыман чуркатып жүрүп, таштап кеткен кыз элем. Жигит менен сүйүп калгыча сүйлөшүп деле көрбөптүрмүн. Анан эле капыстан бирөө менен таанышып, көпкө сүйлөшүп калдык. Аны кантип жактырып калганымды өзүм да билбей калыпмын. Ал болсо мени менен жөн гана убакыт өткөрүп, сүйлөшүп жүрүптүр, сөйкө салдырып койгон кызы бар экен. Мени таштап кетти. Сөйкө салынган апакай кызына кетти…

Биз эми сүйлөшпөй калдык. Бир жумада 5 кг таштап, кылган ишимди билбей, сөзгө түшүнбөй, тирүү эмес, же өлүк эмес болуп эле жүрүп калдым. Күнүм өтпөй, саатым жылбай кыйналдым. Башым айланып, кеч кирсе эле үйүн көздөй барчу болдум. Өмүрү көрбөгөн үйүн биринчи барган күнү эле таап бардым. Издеп да убара болгон жокмун. Бирок үйүнө кирүү кайдан?.. Сырттан гана карап, ойлорго чулганып, көпкө отурдум. Өткөн күндөр, анын сөздөрү кулагыма жаңырат. Көзүмөн жаш сызылат. Телефонумду тиктеп, андан кабар күткөнүм күткөн. Жашоо маңызсыз, кызыксыз болуп, кантип убакыт өткөрүп, кантип унутушту билбей калдым. Сүйүү деген ушундайбы?

Гүлзира 

“Азия Ньюс” гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *