Жасалма боозутмайды жарнама кылган Кайрат Иманалиевге чара колдонулабы?
18-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваПрезидент “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” деген программага кол койгон. Бул программанын максаты – руханий дүйнөсү жардыланып бараткан элге маданият, адабияттын туундуларын жеткирүү. Улуттук дөөлөттөрдүн негизинде тарбиялык мааниси бар түбөлүктүү идеяларга сугарылган “Манастын уулу Семетей” сыяктуу классикалык драмаларды кайрадан элге тартуулоо. Ден соолук камын көрүү, спорт менен машыгуу ж.б.
“Ушундай идеологияны жүргүзөт” деген КТРК тескери кетип, дагы деле “кара үкөк” бойдон калууда. Болбосо, “Маданият” каналында “Аруузат” деген программа ачып алып, шоумен кыздар шалактап отурганы тууралуу жазганбыз, КТРКнын сабатсыз журналисттери, президенти Кайрат Иманалиев баш болуп гезит окубайбы, же “жазса жаза берсин, колунан эмне келмек эле?” дейби, иши кылып, билген намазын окуп жатышат. Жакында эле ошол “Аруузат” берүүсүнөн белгилүү куудул Гүлжайна Атаканова жасалма уруктандыруудан боозуп, наристелүү болгонун көрсөтүшүп, жеке менчик “Анкалайф” клиникасын макташып, анын кожоюну Жехангир Чакажынын эмгегин айтышты. Көрсөтүүнүн коммерциялык мазмуну ачык эле байкалып турат. Себеби, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” президенттин жарлыгы менен Гүлжайна Атаканованы боозуткан менчик клиниканын кандай байланышы бар? Ушундан кийин Кайрат Иманалиев КТРКны оңдобой эле акча жасаш үчүн баргандай сезилүүдө, туурабы? “Анкалайф” клиникасынын үстүнөн арызданып, 300000 (үч жүз миң) сом төлөп, акчадан жок, же наристеси туулбай арызданып жүргөндөр “Азаттыкка” чыгышпадыбы. Элдин көйгөйүн көтөрүп чыккандын ордуна Кайрат Иманалиев КТРКны менчиктеп алгандан бешбетер мамлекеттик саясатты жыйыштырып коюп, жеке менчик клиниканын саясатын жүргүзүп, кызылдай акчага эфирдин убактысын сатып жатканын “Анкалайф” боюнча көрсөтүү ачык далилдеп турат. Чала ачыган камырдай болгон сөлөкөткө чара колдонулабы? Улуттук идеологияга түкүргөндөй мамиле кылды го?! Же капчыгын кампайтып, балпалаңдай береби? Үн кошкула…
«Азия Ньюс» гезити