“ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР” МАМЛЕКЕТ КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН.

“ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР” МАМЛЕКЕТ КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН.

11-бирдин айы, 2020-ж // //

“Жаңы жүздөр” коомдук-бирикмесинин тең Төрагасы Момунов Акат Акынович: “Биздин максат чыныгы адисти тандоо”
-Бүгүнкү Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча сиздин көз карашаңыз?
Эки жарым жыл мурун  түзүлгөн Өкмөт курамы кечээ жакында бир канча кадрлар менен толукталды. Коалициянын уруксаты жок өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Кызматка коюлган кызматкерлердин аткарып жаткан иштери тууралуу отчету жок,кетип жаткан кызматкердин да жоопкерчилиги жок этегин кагып туруп басып кетип  калууда.Өкмөттүн курамын түп тамыры менен алмаштыруу зарыл деп ойлойм. Бизге кабинеттен чыкпай отурган Өкмөт башчынын кереги жок. Эки жылдан бери аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгилеп келебиз, тилекке каршы көзгө көрүнөрлүк алгылыктуу иштер болгон жок. Алыс жакынына карабай элет жерин аралап, алардын жашоо турмушу менен жакындап таанышып жүрөбүз, эл өзүн өзү багып жатат. Күн сайын элдин жашоосу оорлоп жатат. Эмне себептен сыртка миграциянын агымы чоң, анткени жумушсуздук өлкөдө күч алган. Алар жашоонун оордугун жеңилдетүүнү ойлоп, бакыт издеп башка өлкөгө кара жумушчу болуп жалданып кетип жатышат. Бул эмненин билдирет ? Өкмөт өзүнүн ишин аткара албай жатканды билдирет.Мына ошол себептен өкмөттүн курамындагы кызматкерлер ай санап өзгөрүүдө.
-Өкмөт катачылыктарды кетирүүдө…Буга команданын чабалдыгыбы же башка себептери барбы?
-Бүгүнкү Конституциябыздын негизинде өкмөт башчы өзү команда түзүп келе албайт. Азыр төрт партиянын фракциясынан куралган коалиция бар. Ошол ар бир келген партия өзүнүн квотасы менен өкүлүн министрлик кызматтарга жылдырып жатат. Төрт партиянын мамлекеттик кызматтарда иштеп дасыкпаган алсыз, мамлекет ишин тарта албагандарды кызмат орундарга алып келүүсүнөн улам мамлекет артка чегинип жатат.
-Сиздин оюңузча азыркы Өкмөттүн курамына дасыккан адистердин келбегени болуп жатабы?
-Албетте, өз ишин так билбеген кызматкерлерди министрликке коюп, алар ал жерди эксперимент кылып жатышат. Эксперимент кылган адистер партиянын курамындагы ал адиске тиешеси жок адамдар кызматкерлер болууда. Бир эле мисалды айтайын, “ Бир бол” саясий партиясына квота менен айыл чарба министири келген. Өз ишин такыр алып кете албай коомго чуу салып, министр кызматтан кетти. Дыйкандарга багыт берип, эмнени эгиш керек, аларга кантип багыт берип экспортко чыгаруу жолун караш керек эле. Андай анализдерди чыгара алган жок. Түшүмдү жыйноого келгенде өндүрүлгөн жашылчалардын баасы түшүп кетип, казып алуу жана транспорт чыгымдарды акталбай, дыйкандар чыгымга учурады. Бул мисал менен партиялар ар бир кызматка татыксыз ал кызматты түшүнбөгөн адамдарды ишке коюп жатканын билсек болот.
-Мындай экспериментти кайталатпай ар бир кызматка өз ишин мыкты алып кеткен тажрыйбалуу адистерди алып келүүгө болбойбу?
-Партияны жеке адам башкарып калганы баарыбызга белгилүү, партиянын курамында канча адам болбосун арасынан бирөө гана чечкенинде болуп жатат. Экинчиден, партиянын курамында ошол кызматка ылайыктуу кадр жок болуп калууда.
Мындай учурда алар партиянын мүчөсү болбогон адисти сырттан алып келиши керек эле. Тилекке каршы андай кадамдар болгон жок. Кээде кызматка дайындалгандан көп өтпөй алмашуу болуп жатат. Келген кызматкерге ишин толук таанышуу үчүн убакыт керек, андан кийин анын иш планына караш керек. Бизде сабыр да жок болуп жатканы.
-Шайлоо жакындаганы кээ бир саясатчылар, партиялар элге жакындоонун пиарларын жасап жатышат. Демек кийинки шайлоого бийликте турган партиялар эле ат салышат дегенди түшүндүрөбү?
-Шайлоого Конститутцияга ылайык  партиялар гана катыша алат. Ал эми пиар кадамдары бул болуп келген көрүнүш, болгону шайлоо учурунда эл тандап, эл шайлат. Ал эми элдин ишенимин актай албаган партияларды эл кандай кабыл алат, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, жаңы түзүлгөн партиялардын курамы эл үчүн кызмат кылууга даяр кадрлардан деген үмүтүм чоң.
-Азыр пайыздык чек тууралуу талкууда жетиге чейин түшөт деген сөздөр жок эмес, сиздер жети пайыздык чек менен өтүп кетүү ишеним бар экен. Партия өтүп кеткен күндө чыныгы адистерди өз ишине кое аласыздарбы?
-Албетте, биздин бирден бир максатыбыз аксап турган мамлекетке жөлөк болуп, аз да болсо салым кошуу болуп саналат. Парламентке өткөн партия жалгыз өзү эч нерсе чече албайт биргеликте коалициянын негизинде иш алып бара алышат.Жаңы жүздөр,кесипкөй адистер мыйзам чыгара билүүчү инсандар келиш үчүн, пайыздык чек өтө төмөн болууга тийиш деп эсептейм.
-“Жаңы жүздөр” коомдук-бирикме саясий аянчасы тууралуу да элге кыскача айта кетсеңиз. Эмнеси менен айырмаланып жатасыздар?
-“Жаңы жүздөр” коомдук-бирикмеси  азыркы учурдун талабына ылайык жаңы күчтүү,өзүнүн ишин так билген, өз мекенине кайдыгер көз менен карабаган патриот мамлекетибиздин кыйын абалдан чыгаруунун жолун билген , өжөр жаштардын келишине себепкер болуучу саясий аянтчаны түзүп ,жети дубандан кайдыгер эмес жарандардын башын кошууга көмөк көрсөтүү максатында ,чоң үмүт менен “Жаңы жүздөр” коомдук-бирикмеси  түзүлдү.Сиздерде ушул аянтчадан жолугушууга чакыраар элем.
Булак:argument.kg