Жакшы кабар! Кыргызстанда дагы 25 адам коронавирустан айыкты
26-чын куран, 2020-ж // //Бүгүн, 26-апрелге карата 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде.
Анын айтымында, жаңы айыккандар:
Бишкек шаары – 10,
Ош шаары – 2,
Ош облусу — 1,
Жалал-Абад облусу – 6,
Нарын облусу – 6.
Бул жарандардын баары, стационардан чыгарылып, үйлөрүнө жиберилди.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап оорудан сакайды.