«Өзгөчө сүйүү». Жигит көңүлдөш жигитин башка менен төшөктөп кармап

«Өзгөчө сүйүү». Жигит көңүлдөш жигитин башка менен төшөктөп кармап

04-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жигит көңүлдөш жигитин башка эркек менен төшөктөн кармап, кызганычтан өлтүруп салган. Бул окуя Казакстандын аймактарында катталган. Бул тууралуу NUR.KZ маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, киши өлтүрүүгө шектелип камалган жигит башынан өткөн окуясын журналист менен бөлушкөн. Бул окуя башкалардыкына караганда бир аз башкачараак эле. Өзүн Александр деп тааныштырган жигит ата-эне мээриминен алыс калып, балдар үйүндө чоңойгон. Сүйкүмдүү, бир караган адамга жароокер көрүнгөн Александрды эч ким асырап алган эмес. Бой жетип калганда автослесарлыкка окууга өткөн бирок китеп барактап окуганды жакшы көрбөгөн жигит коллежди таштап кеткен. Тагдырынын тандоосун кылган жигитти жатаканадан чыгарып салышат. Барар жери жок көчөдө баш калкалап күн өткөрүп жүргөн жеринен эки бейтааныш жигиттер келип аны менен сүйлөшүп калышат. Бири батир бар экенин айтып чогуу жашоону сунуштайт. Ансыз деле талаада жатып, жүргөн Алексей аларды ээрчип үйүнө барган. Алар барган батирдин эшигин кыркка барып калган киши ачкан. Батирдин ээси өзүн Георгий деп тааныштырып көпкө чогуу отурушат. Ошентип Георгий менен чогуу жашай баштайт. Ортолорунда сүйүү учкундары башталып, эки эркек жашоо нугун бир багытка бурушкан. Ошондой күндөрдүн биринде Георгий Алексейге башка батир таап чыгып кетүүсүн убактылуу батирин акчасын төлөп турарын айткан. Алексей Георгий менен чырдаша кетип сыртка чыгып кетет. Бир түн парктын отургучунда түнөйт. Эртеси Георгий менен сүйлөшүү максатында барса өзүнүн ордуна Георгий башка жигит менен төшөктө жаткан жеринен кармап алган. Георгийди жигитен кызганып ашкана бычагы менен сайгылап өлтургөн ал эми жанындагы жигит жарадар экенине караай качып кеткен.