Өзбекстанда омикрон штаммы аныкталды

Өзбекстанда омикрон штаммы аныкталды

10-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Өзбекстанда коронавирустун омикрон штаммы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен ЖМКлар жазып чыгышты.

Алардын айтымында, өлкөдө карантин чаралары күчөтүлгөн . 15-январдан тарта Өзбекстанга чет өлкөдөн келгендердин бардыгында ПЦР анализинин терс жыйынтыгы бар, келээрден кеминде 48 саат мурун тапшырган сертификаты болушу керек.

Терс ПЦР тестинин сертификаты жок болсо, келгендер аэропортто, вокзалда же чек ара бекетинде коронавируска экспресс-тесттен өтүшү керек. Буга чейин омирон коңшу Казакстандан да аныкталган.