«Замандаш» партиясы арасат абалда турат

«Замандаш» партиясы арасат абалда турат

05-аяк оона, 2019-ж // //

Бийликтин колдоосу менен Жеңиш Молдокматов лидерлик кылган «Замандаш» партиясынын абалы анчалык кубанарлык эмес. Арасат абалда. Күн өткөн сайын парламенттик шайлоо жакындап келатканы, бирок, партияда каражат маселеси көкөйгө тийгени, о.э. эл ээрчите турган лидерлердин болбогону да өкүнүч жаратууда. Россия, Казакстан ж.б. өлкөлөрдөгү мигранттар менен тыгыз кызматташууда «Замандаш » башынанчыйыр салган эмеспи. Эгерде каражат жагы партияда жетиштүү камсыздалбаса, сырткы колдоочуларын да башка атаандаштарга тарттырып жиберүү коркунучу бар. Бийлик Жеңиш Моадокматовду депутаттарга, белгилүү серепчилерге кошуу менен ар кандай талкууларга чыгарып, элге таанытып, жакшы эле артынан түртүп келди. Эми мындан ары да олигархтарды «Замандашка» мурдунан сүйрөп келип кошуп берсе, анда шайлоого шедирендеп чыкса жарашат. Эгер миллиондор болбосо, Молдокматов канчалык тазалыкты сүйлөө менен какшай берсе да, бир тыйынчалык мааниси болбойт. Элибиз да бир келген шайлоодо тоюнуп, арак-шарап ичип, эт жеп, концерт көргөндөн кийин добушун берип калбадыбы. Бу саам деле ошондой, идеясы, программасы күчтүүлөрдү эмес, капчыгы калың партияларга добуш беришет
Булак: Азиянюс