Өз фамилиясын берип  үч жашынан баккан кызды 9 жашынан баштап зордуктап келген

Өз фамилиясын берип үч жашынан баккан кызды 9 жашынан баштап зордуктап келген

04-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Чүй райондук соту өгөй кызын зордуктаган жаранды күнөөлүү деп тапты. Бул тууралууюрист Есения Рамазанова билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу 16 жашта. Өгөй атасына апасы үч жашында турмушка чыккан.

«Айыпталуучу кызды өз фамилиясына өткөрүп асырап алган. Кыздан кийин апасы экинчи күйөөсунөн эки бала төрөлгөн. Айрым маалыматтарга караганда, өгөй ата  кызды тогуз жашынан баштап зордуктаган, азыр ал 16 жашка келген. Кыз окуя тууралуу туугандарына айтып бергенде алар кызга ишенбьей коюшкан. Кийин ал алыскы тууганына качып кетүүгө үлгүргөн. Жабырлануучу бул жолу ал тууганына болгон окуяны айтып  качып келген учурда дагы өгөй атасы зордуктаганын денесинде калган тактарды көрсөтүп далилдеп берген. Экспертизанын корутундусу зордук-зомбулук фактысын тастыктады. Сотто жактоочу тарап айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранды. Сот ал кишини 18 жылга эркинен ажыратты», — деди Есения Рамазанова.