Коом

Ысык-Көлдүк жигит: «Кыздарды сейилдетүү үчүн унаа уурдагам»

Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын из кубарлары унааларды айдап качуу менен алектенген 31 жаштагы жигитти колго түшүрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-июль күнү Каракол ШИИБге ушул эле шаардын тургунунан арыз түшкөн. Анда Восход кичи районунан белгисиз адамдар үйүнүн жанына токтотуп койгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткенин билдирген.

Аталган кылмышты тез аранын ичинде ачуу максатында «Тосмо» операциясы жарыяланып, шаардан чыгуучу жолдорго милициянын посттору коюлган. Ошондой эле чектеш шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жөнөтүлгөн. Көрүлгөн издөө иштеринин натыйжасында уурдалган унаа Ысык-Көл районунун Ананьев айылынан табылды. Бирок кылмышка шектүү жаранды кармоого мүмкүнчүлүк болбой калган.

30-июль күнү Каракол шаарынын тургунуна тиешелүү болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унааны айдап качуу фактысы Восход кичи районунан кайрадан кайталанып, унаа шаардын аймагында табылган. Бул жолу да кылмышка тиешеси бар жаран милиция кызматкерлеринен изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.

Автоунааларды айдап качуу боюнча 2 факт Каракол ШИИБде КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 206-беренесинин (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Аталган кылмыштардын бетин тез арада ачуу максатында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына Ысык-Көл ОИИБдин, Каракол ШИИБдин жана ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККББнын такшалган жана тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган.

Түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу тарабынан Каракол шаарында жана көлдү айланган унаа жолдордо орнотулган байкоочу камералар дыкаттык менен изилденип чыккан. Кайрадан жабырлануучулар жана күбөлөр суралып, окуя болгон жерлер кылдаттык менен изилденип чыккан. Мындан сырткары ушундай кылмыштар менен соттолуп чыккан жарандардын арасында тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада милиция кызматкерлери кылмышка шектүү болгон жаранды кармашты. Кылмышка шектүү Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну Т.У. болуп чыкты. Анын айтымында, автоунааларды уурдоонун максаты жөн эле айдп көрүү, ошол эле убакта унаа менен тааныш кыздарын сейилдетүү болгон.

Шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жаран эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *