Ырыс Жекшеналиев: Мен болгону 19 жаштамын. Бийлик, тапкан экенсиң оппонетти!

Ырыс Жекшеналиев: Мен болгону 19 жаштамын. Бийлик, тапкан экенсиң оппонетти!

15-баш оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Камактагы блогер Ырыс Жекшеналиев апасына кат жазып, ал үчүн кабатыр болбоону өтүнгөн, анткени ал эртеби-кечпи бошотулаарына ишенет.

Катта Жекшеналиев аны колдогон ар бир адамга ыраазычылык билдирип, мунун аркасында сынбай турганын билдирди.

«Мага козголгон иш 100% саясий», — деп жазган Жекшеналиев өз катында.

Апасына кайрылып: «Апа, мен көп нерсени сизди ойлоп, унчукпай жүрдүм. Өзүңүздү жакшы караңыз, баары жакшы болот», —  деп жазган.

Эске салсак, Жекшеналиев акыркы мезгилде Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыгып келген. Кечээ, 14-август күнү ал ИИМ тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Ага карата «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров интернеттеги баракчасына «жалган патриотторго» чара көрүлүшү керектигин жазган. Мамлекет башчы кендин жеке колго өткөнү тууралуу маалымат жалган экенин айтты. Эки күн мурун Нарында жергиликтүү тургундардын митинги болуп, алар «Голд контент» ишканасын темир казуу лицензиясынан ажыратууну талап кылышкан.