Ырыс Жекшеналиев: «Эмилбек Абдыкадыров кылмыш жоопкерчилигине тартылат»
04-бугу, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу Ырыс Жекшеналиев аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.
«Бишкекте мэр Эмилбек Абдыкадыровдон башка строитель жокпу? Жалгыз ошонун компаниялары («ИлтегСтрой», «Кереге Проект», «ЭлитТауэрс», «Нур Строй Монтаж») тендерлерди утуп, резиденциядан баштап, мектеп, садиктердин баарын курганы турат. Убагында өзүн, партиясы «Мекенчилди» каржылап койгондугу үчүн айкөл президенттибиздин ыраазычылыгы ушундайбы? Тизгинин тартып койсо…
Таң атат да, кеч кирет, соодагердин соодасы бүткөндө ачкөз мэр Эмилбек Абдыкадыров бери дегенде эле мыйзамсыз жерлерди бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындан качып кутула албайт. Мисалга, резиденцияны курганы үчүн — 16га жер шаардын ортосунан кетип жатат, СИЗО-47нин орду чет өлкөлүктөргө сатылышы, 11 микрорайондогу гараждардын орду…. дагы толтура (факт менен кагаз жүзүндө чыгарууга өтөм).
Президенттибиз эмнеге кадр тандоодон адашып, кадырын кетирип жатат? Акылбек Жапаров, Эмилбек Абдыкадыров, Эдил Байсоловго окшогондордон давно кутулуш керек болчу…», — деп жазган.