Ырчы Асель Кадырбекова: «Ооба, ыйлагым келет, бирок мен силерден колдоо күтпөйм»

Ырчы Асель Кадырбекова: «Ооба, ыйлагым келет, бирок мен силерден колдоо күтпөйм»

15-тогуздун айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Ырчы Асель Кадырбекова жан дүйнөсүндө болуп жаткан бурганакты жеке баракчасына жазып келген. Анда анын катталуучуларынын арасынан «эмнеге мынча жашоого нааразысың»- деген суроолорго жооп жазып бул жөн гана өзүмө жашоомо болгон отчет деп билдирген.

«Ар ким өзү үчүн мотиватор болушу керек. Бирөөдөн колдоо күтпөңүз, эч качан  бирөө сизди  түшүнбөйт. Анткени эч ким сиздин жашоо менен жашабайт.

Мага жазган комментарийлерди окудум, анда «сен дайыма наалыйсың»-деп жазышууда

Ооба!

Эми ыйлагым, наалыгым келет. Жашоо ушундай болуп чыкты, жөн эле эмес … Мен башкалардан  колдоо, түшүнүү күтпөйм. Бирок азыр өзүмдү өзүм аягым келет. Каталарым үчүн өзүмдү урушкум келет. Жаңы баракты барактай турган да убак келет. Баарын кое берүү керек!

Менде таарынычтын же өкүнүчтүн калдыгынын калышын каалабайм, анткени кийин, бул мен үчүн ооруга айланат. Ушул мага керекпи?

Жан дүйнөңүз эмнени кааласа ошону кылыңыз. Ыйлагандан, наалыгандан да тартынбаңыз. анткени бул жашоо дейт! 

Баарында эле жашоосу жылмакай боло бербейт. Аны да алар жылмакайлап турат. өздөрүнүн чеберчилиги менен жашырып келишет. Же мурдунун алдында эмне болуп жатканын көрө бербейт, болбосо көргүсу келбейт.