Коом

Видео-Жолбун иттер үй жаныбарларына кол салып жей башташты

Чүй облусунда жолбун иттер үй жаныбарларына кол салууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүүлөр билдиришти.

«Биз борборго жакын айылдардын биринде жашайбыз. Бүгүнкү күндө көпчүлүк айылдыктардай эле мал багып жашап келебиз. Айылдыктар кочкорлорго жырткычтар, кыязы карышкыр же чөөлөр кол салса керек деп нааразы боло башташты. Ошондуктан малыбызды коргоону күчөтүп, жолбун иттер малга кол салганын аныктадык. Биздин көз алдыбызда бир нече жолбун ит кочкорубузду тытып кетишти. Өзүбүз көрбөгөнүбүздө карышкырлар же чөөлөр кылды деп ойломокпуз», — дешти тургундар.

Эколог Александр Сосновский Чүй облусунда жолбун иттердин саны жылдан жылга көбөйүп жатканын белгиледи.

«Жапайылышкан иттер адамдардан коркпостон, кайраттуу, каардуу жана жаңы шарттарга ылайыкташкан жырткычтарга айланат. Ал эми көчөдөгү таштанды таштоочу жайлар жапайы иттер үчүн үй да, тамактануучу жай да болот. Бирок баары эле таштанды менен тамактанбайт. Кээ бир жапайы иттер жаңы этти жакшы көрүшөт. Алар жай бою шаардын четинде жана айылга жакын жерлерде чычкан, суур, канаттуулардын уясына жана башка нерселерге аңчылык кылышат. Жада калса талаада жайылган койлорго да аңчылык кылууга өтүшкөн. Бирок аларды кайтарып жүргөн ээси өз убагында арачалап калган», — деп кошумчалады Сосновский.

Панфилов районунун мергенчилеринин баштапкы отрядынын башчысы Александр Супрун төмөнкүлөргө токтолду.

«Мындан 30 жыл мурун Чүй облусунун тоолорунда жана өрөөндөрүндө жолбун иттер өтө аз болчу. Аларды мергенчи-спортчулар жигердүү атып, ошону менен коркунучтуу жырткычтарды, кутурма жана башка ооруларды алып жүрүүчүлөрдү жок кылышкан. Ошол убакта атылган жолбун иттер үчүн мергенчилер мамлекет тарабынан сыйланып турушчу. Ал эми чабандарга малды кайтаруу үчүн экиден ашык ит кармоого белгиленген эрежелер боюнча уруксат берилген. Мен өзүм ошол жылдары Панфилов жана Жайыл райондорунда 2 миңдей жолбун ит атыптырмын. Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдин негизинде кароосуз калган жаныбарларды атуу менен алектенген уюмдар өздөрүнүн аракеттеринин натыйжасыздыгын көрсөтүштү. Жергиликтүү бюджеттен жыл сайын каражат бөлүнсө да, кароосуз калган жаныбарлар көбөйүүдө. Короодогу зыянсыз үй жаныбарлары көбүнчө ок астында калышат. Аларды атуу оңой. Аңчылык коомдорунда бүгүнкү күндө кароосуз калган жаныбарларды атуу үчүн төлөмдөр жана сыйлыктар жок. Мамлекет мергенчилерди бул ишке да шыктандырбайт. Ушундан улам бүгүнкү күндө мергенчи жапайы иттерди байкап калса, ок-дарыларын жана күчүн үнөмдөө менен аларды атууга шашпайт. Андан көрө тоодогу жаныбарларга аңчылык кылса, алда канча кирешелүү. Ошондуктан көчөдөгү жолбун иттер менен эч ким күрөшкүсү келбейт», — деди ал.

Булак: Турмуш.кж сайтынан алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *