ВИДЕО — Министр Азамат Дыйканбаев пара алып жаткан жеринен кармалды

ВИДЕО — Министр Азамат Дыйканбаев пара алып жаткан жеринен кармалды

20-бугу, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМК бүгүн, 20-майда билдирген маалымат боюнча, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анда бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланышкан келишимди узартуу маселесин чечүү үчүн чоң суммадагы акча талап кылынганы айтылган.

А.Дыйканбаев бүгүн убактылуу камакка алынган. Анын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карайт.