ВИДЕО-Кичинекей кыз 4 кабаттан кулап,кайра үйүнө чуркап кирди

ВИДЕО-Кичинекей кыз 4 кабаттан кулап,кайра үйүнө чуркап кирди

23-жетинин айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Алты жаштагы кыз төртүнчү кабаттан секирип түшкөн. Бул тууралуу Telegram-канал Mash видеосун салып жазып чыкты.
Маалыматта, төртүнчү кабаттан алты жаштагы кыз кардын үстүнө секирип түшкөн. Андан кийин ордунан туруп эч нерсе болбогондой үйүнө кирип кеткен. Кийин ата-энеси тез жардам чакырып ооруканага жеткирилген. Ал жактан кыз баш мээси чайкалып, ичинен жаракат алганын билдиришти. Түнү кыз жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кийинки күнү палатага которулган.