ВИДЕО — Хиджабчан бейтаптын күйөөсү аялын текшерген дарыгерди сабап салды

ВИДЕО — Хиджабчан бейтаптын күйөөсү аялын текшерген дарыгерди сабап салды

24-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Хиджаб кийген айымдын жолдошу аны караган дарыгерди сабап койду. Бул тууралуу чет эллдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, окуя Орусиянын аймагындагы оорукананын биринде катталган. Хиджаб кийген бейтап тери оорусунан улам  дерматолог Владимир Жирноклеевге кайрылган. Дарыгер анын жабыркап жаткан колдорун, буттарын ошондой эле  ашказанын караган. Бул учурда анын жолдошу дарыгердин бөлмөсунө кирип келип  аялын тыкыр текшерип жаткан дарыгерге кол салган. Ажыратуу мүмкүн болбогондуктан медайымдар полиция чакырышкан. Он беш мүнөттүн ичинде полиция келгенче дарыгерди аесуз сабап, ал тез жардам менен ооруканага кетүүгө мажбур болгон. Бул окуя тууралуу дарыгер Жирноклеев өзүнүн пикирин айтууда буга чейин деле хиджап кийген бейтап айымдар болгонун бирок мындай окуяга биринчи жолу кабылганын билдирген. Ал эми жактоочу болсо бул ишти карап дарыгер эч кандай жаман оюу жок, дарыгер катары аялды туура текшергенин билдирген.  Маалыматка ылайык, азыр болсо териштирүү иштери жүрүп жатат.