Улугбек Мусатегин — активист:: «Текебаев менен убактылуу өкмөт бири бириңердин былыгыңарды жашырып, элдин байлыгын каалагандай уурдап, мамлекетти он жыл каалагандай калчадыңар го».
15-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваЭл алдында сүйлөп жатып, Токтогулда суу жок, көмүр тартыш деген жана башка бир топ проблемаларды айтып, ошонун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү деп айтып өттүңүз.
Ошол көйгөйлөрдүн баарын силер таштап кеткенсиңер.
Же бүгүнкү бийликке экинчи Швейцария болгон Кыргызстанды бердиңер беле?
Убактылуу өкмөт бири бириңердин былыгыңарды жашырып, элдин байлыгын каалагандай уурдап, мамлекетти он жыл каалагандай калчадыңар го.
Бири бириңердин кемчилигиңерди жашырып, башка саясатчылардын ортосуна от жагып, бири бири менен чабыштырып, өзүңөрдүн планыңарды ишке ашырып, мамлекетти жеп жутуп келдиңер. Датка Кемин, ТЭЦ, түндүк-түштүк жолун салабыз деп, Атамбаев экөөңөр Датка Кеминден 200 млн, ТЭЦтен 386 млн, түндүк-түштүк алтернативдүү авто жолунан 500 млн доллар сугунганыңарды эл унута элекпиз. Так что элди алдаба Теке.
ТЭЦ маселеси боюнча.
Бишкек ТЭЦти казактардын жеке компаниясына берип жиберишти дедиңиз. Президент пресс-конференция бергенде Али Токтакуновко кайрылды го. “Мындан ары бир нерсени элге айтып чыгаарда оозум бар деп эле оттой бербей тактап алгыла, азыр баардык иштерибиз жашыруун эмес, ачык. Эч ким ТЭЦти берген жок. Тескерисинче таза, килокалориясы жогору көмүрдү жактыруу аракетин көрүп жатабыз. ТЭЦтеги коррупцияны жок кылуу максатында иштерди жүргүзүп жатабыз. Ал операциялар жеке менин көзөмөлүмдө”,- деп.
Ушак сүйлөй бербей так маалымат керек болсо, эгер чын ниетиңер менен күйүп жатсаңар, өкмөттөн сурагыла. Толук маалымат беришет деп. Али экөөңөр кой сыяктуу оттой бербей так маалымат сурап кайрылсаңар боло өкмөткө.