Саясат

Түркиянын жаранына мыйзамсыз паспорт берген атка минер камакка алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы төрагасы Дүйшөн Сатыбалдиев №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта,  Сатыбалдиевдин 11-июлда кармалган. Ал “Түркиянын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү боюнча түзүлгөн коррупциялык схемалар аркылуу мыйзамсыз аракеттерде көрсөтүлгөн” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип суралып келген.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын июнь айында Сатыбалдиев Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаментинин директору болуп дайындалган. 2015-жылы ал аталган кызматтан бошотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *