Токторбаев: Камакка алынгандар «дежур саясатчылар». Ал эми белгилүүлөр — Жапаров менен Ташиев

Токторбаев: Камакка алынгандар «дежур саясатчылар». Ал эми белгилүүлөр — Жапаров менен Ташиев

27-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Камалган саясатчыларды белгилүү деп айта албайм. Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кечээ, кесиптештер белгилүү саясатчылар менен журналисттерди массалык түрдө кармоолор болуп жатканын айтышты. Камалган саясатчылар алар «дежурный саясатчылар», бийлик саясатчылары. Эгер бийлик берсе бийликти мактайт, бийликтен кетсе бийликти жамандайт. Мына буларды биз «дежурный саясатчы», обончу саясатчы дейбиз. Мен кыргызга аттын кашкасындай белгилүү саясатчыларды билем. Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Накен Касиев, Медеткан Шеримкулов, Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевичтерди билем. Мынакей ушуларды белгилүү саясатчылар десе болот.

Кечээ мурдагы президент Алмаз Шаршенович камалган аялдарды, жаш балдарды чыгаруу керек, деп интервью берди. Мен ал кишинин айткандарына кошулбайм. Ал кишинин мезгилинде деле аттуу-баштуу саясатчылар камалган. Текебаев, Жапаров, Ташиев, Мамытов камалган. Андан башка белгилүү журналисттер деле камалган. Андыктан буга калыс карасак», — деди депутат.