Текебаев акталабы?

Текебаев акталабы?

24-баш оона, 2019-ж // //

Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин 21-августта карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарды. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.Учурда Текебаев саламаттыгына байланыштуу 31-майда №47 колониядан ооруканага которулуп, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат. Бул эки саясатчы орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2 0 1 7 -ж ылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Эми Текебаев соттолду деген кара тактан арылды. Бирок жаңы кы кароодо Текебаев күнөөсүз экенин далилдейби же бийлик убакытты созуп туруп кайра кесип жибереби азырынча күмөн. Анткени коомчулукта кырдаал курчуп турганда Текебаевдин ишин кайра кароого жөнөтүп, 6ийлик элдин көзүн жазгырып жатышы мүмкүн экени айтылууда
Булак: Фабула