Коом

Таласта өгөй атасы зордуктады деген 16 жаштагы кыз жакында көз жарат

 Кара-Буура районунда өгөй атасы зордуктады деген 16 жаштагы кыз жакында көз жарат. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын апасы А.А. билдирди.

«Азыр төркүнүмдүн үйүндө жашап жатабыз. 3 балам мектепке барганы даярданып жатышат. Аларга кийимине акча табам деп күн сайын талаадан машак терип жатам. Эптеп оокат кылуунун айласы менен жүрөм. Кызымдын ай-күнү келип калды. 8 айдан ашты деп көрсөтүп жатат. Анализдери жакшы чыгып жатат.

Биз кеткен соң туугандары күйөөмдүн жер тилкелерин талашып, бир жер тилкесин өздөрүнө жаздырып да алыптыр. Милиция кармай албай жатат. Бирок аны бардык эле туугандары кай жерде жүргөнүн билишет. Менин билишимче ал өзүбүз жактан алыс эмес эле тоодо жүрөт. Мурун үйдө «спальный» мешогу бар болчу. Аны бир кошунабыз сурап кеткен. Ал аны алып кеткенин мен, анан күйөөм билчү. Жакында эле күйөөмдүн иниси кошунабызга барып, «аны бер деп жатат» деп алып кетиптир. Ал билип анан барды да. Тоодо адам жаткан мешоктун кимге кереги бар. Ошол өзү алдырып эле тоо тарапта жүрөт.

Эми ушундай өкүнүчтүү нерсе болуп калды. Аман-эсен көз жарып алса деп олтурам. Быйыл 1 гектар жерден 8 кап төө буурчак алдык. Пайызга акча алганбыз, аны ошол жакка берип, эч нерсеси жок олтуруп калдым. 5 балам менен эмне оокат кылабыз? Бир гана кудайдан суранып, анан убактылуу элдин талаасында жүрүп жатам», – деди апасы.

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, учурда өгөй атаны издөө иштери уланууда.

«Издөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө табыла элек», – деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *