Тагдыр: «Жолдошум досунун аялы менен биздин үйдө кумарга батып жүрөт…»
12-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБиз жолдошум экообуз баш кошконубузга 7 жыл болду. Кудайга шугур 3 уулубуз бар! Менин көйгөйүм жолдошум, 2 жылдан бери бир ойнош таап алыптыр. Ал мен жокто биздин үйго келип экоо кумарга батат экен. Менин билгениме 7 ай болуп калды. Мен аны тааныйм, ал жолдошумдун досунун эле аялы. Жолдошу менен жашайт, 2 баласы бар. Ага деле коп жолу эскерттим, күйөөңө айтам деп. Бирок, ал дагы деле чалып жүрөт жолдошума. Жолдошум менен сүйлөшүп көрдүм, ката кетирдим мойнума алам деген. Бирок, андан бери 7 ай өттү, дагы деле суйлошот экен. Эмне кылаарымды билбей калдым. Тигинин күйөөсүнө айтайын дейм, бирок ал аялына же жолдошума бир нерсе кылып жибереби деп корком.
Кенеш бериңиздерчи эмне кылсам болот? Балдарымды атасыз өстүргүм келбейт…