Табалдиев ойт берди…
17-теке, 2019-ж // //Батукаев кыргыз чиновниктеринин бет пардасын сыйрыды. Генералдарды ит кылды. Бири камакта (Аида Салянова), бири курортто (Зарылбек Рысалиев), дагы бири качты (Бусурманкул Табалдиев). Качканына издөө жарыяланды. Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын экс-төрагасы, генерал Бусурманкул Табалдиевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинин алкагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. ИИМдин Тергөө комитета Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде сотко чейинки тергөө иштерин жасап жатат. Ал Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча маселеге байланышкан. «Аталган иликтөө иштеринин алкагында учурда кайсы жерде жүргөнү белгисиз болгон ошол кездеги Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды», —деп айтылат маалыматта. Сотко чейинки тергөө жана иликтөө боюнча тиешелүү иштер жасалууда. Табалдиев 2006-жылы жана 2013-2015-жылдар арасында УКМКнын жетекчиси болуп да иштеген. Генералдын кулагы Жерүй кенинин тегерегиндеги маселеде да чыккан жайы бар.
БУЛАК: Факты.кж