Таарынганда, кусаланганда, корккондо эмне жеш керек?

Таарынганда, кусаланганда, корккондо эмне жеш керек?

17-үчтүн айы, 2019-ж // //

Кээде кимдир бирөөгө таарынсак же ачуулансак, алда неден коркуп, жаман ойлорго берилсек, көпкө чейин кыйналабыз. Алтургай кээде депрессияга да түшүп кетебиз. Бирок мындай абалдардан тезирээк чыгуунун жолдору бар. Алсак, окумуштуулардын айтуусу боюнча, дал ушундай учурларда бизге жардам берүүчү азыктар да бар.
Таарынып жатканда…
Сизге керектүү нерсе — таттуу. Эгерде таттуу жеп койсоңуз, ал ашказандын жана ашказан алдындагы бездин иштешин жакшыртат. Анткени, таарыныч биринчи эле дал ушул ашказан менен ашказан безине таасир берет. Таттуу болсо маанайдын оңолушуна, жакшы маанай жаралып, анын көпкө сакталышына, таарынычтын жазылышына жардам берет.
Ачууланып жатканда…
Боор менен өт жапа чегет. Кыйкырып, жинденип, жаман сөздөрдү айтып жатканда, кимдир бирөөнү тилдеп, урушканда, сөгүнгөндө боор өтө кыйналат. Ал эми ачуусун тышка чыгарбай тиштенип ичине сактаса, өткө күч келет. Боор менен өттүн иштешин калыбына келтирүүдө, бир максатты көздөп, туруктуу жана эрки күчтүү болууда сизге кычкыл даамы бар азыктар — жардамчы.
Санаага, кайгыга, кусага батканда…
Өпкө ооруйт. Мунун алдын-алып, ачуу нерсе жегенди унутпаңыз. Тамакка ачуу кызыл же кара калемпир, лазы салып, коюу тамакка ачуу кетчуп салып жеңиз. Ачуу салат жесеңиз да жакшы. Булар сизге оптимизмди, кайрат-күчтү тартуулашат.
Коркунуч пайда болгондо…
Адам депрессияга дуушар болгондо, түнт болуп кеткенде бөйрөктө адреналин аттуу коркууну пайда кылуучу гормон иштелип чыгат. Дал ушундай учурда туздуу азыктарды, мисалы, туздалган бадыраң же помидор жеп коюңуз. Ошондо коркунучуңуз алыстап, тескерисинче, сексуалдуулугуңуз артат.
Ар кандай жаман ойлордун кучагына түшкөндө…
Нервиңиз чыңалып, тынч отура албайсыз. Оюңузга ар нерселер келип, тынчсызданасыз. Мындайда баары жайында эмес экендиги жөнүндө жүрөгүңүз алдын-ала сезип, белги берет. Нерв менен жүрөктүн кыйналышын каалабасаңыз, сизге жардам кылуучулар — түрп жана арак.
Эгерде таарыныч, ачуулануу, кусалануу, коркунуч, жаман ойлор — булардын баары бир келсе…
Анда бир даана апельсинди кабыгы менен жесеңиз, нервиңиз жайына келип, келечекке оптимисттик көз караш пайда болот.
БУЛАК:zaman.kg