Кыргызстандагы Октябрь ыңкылабды уюштуруучулардын бири Сыймык Жапыкеев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына коңшу казак туугандарга кеңеш берип турганын, тамаш-чыны аралаш жазды.

Ушул тапта Казакстанда абал тынчый элек. Алматы, Маңгыстауга өзгөчө абал кирди. Митингге чыккан жарандар суютулган газдын кескин кымбаттап кеткенине нааразы болуп, кийин талаптарын саясий маңызга өзгөрө баштаган.