Сүрөт-Асел Кадырбекова: «Мен өлүп калсам кызым эмне болмок?» деп аябай ыйлагам»
05-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Ырчы Асел Кадырбекова автокырсыкка кабылып, ойгонгондон кийин «Мен өлүп калсам кызым эмне болмок?» деп аябай ыйлаганын айтат.
«Өзүмө келип баштаганда ушул видеону көргөм. Аябай ыйлагам, «Мен өлүп калсам кызым эмне болмок» деп. Бүт энелерге өмүр берсин. Бир да жан балаңызга эненин ордун баса албайт, сиздей күйбөйт.
Видео сентябрда кирген экен. Демек, 3 ай дегенде өзүмө араң келип баштаган экенмин. «Азыр ойногом» деп үмүт кылып, түшүмдө эле жүргөндөй болгом. Айтсаң кинодой эле. Душманыма да каалабайм мен өткөн күндөрдү.
Шүгүр жашап жатканыма. Ар бир таңда туруп жатканыма шүгүр кылам. Арадан канча ай өтсө да, бүт нерседен корком. «Дагы бир нерсе болуп кетсечи» деп. Ошол күнү ким ойлоптур мындай кырсык болорун. «Кырсык каш-кабактын ортосунда» деп бекеринен айтылбаса керек.
Жашоону башка көз караш менен карап баштадым. Адамдарга, өзүмө мамилем өзгөрдү! Бүгүн барбыз, эртең жокпуз. Ар бир мүнөттү баалаганды үйрөндүм. Мурда ойлонбогон, маани бербеген нерселерди көрүп баштадым. Демек, бул да болсо мен үчүн сабак!
Мейли, азыр эмес, балким 3-4 айдан соң, баары жаман түштөй өтүп кетет баары. Жакшы нерседен үмүт кылуудан тажабаңыз», — дейт ырчы айым.