Сооронбай Жээнбековду экс- статусунан ажыратууга аз калды

Сооронбай Жээнбековду экс- статусунан ажыратууга аз калды

21-бугу, 2021-ж

Экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаеванын статустарынан ажыратуу боюнча кол топтоо улантылууда.

Эске салсак, ушул жылдын 5-февралында активист Чыңгыз Капаровдун демилгеси менен кол топтоо башталган. Капаровдун айтымында  учурда 60 миң кол топтолгон.

«Экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын статусунан ажыратуу боюнча кол топтоо улантылууда», — деп баса белгилеген акциянын демилгечиси. — Бүгүнкү күндө 60 миң кол топтолду”- деп билдирген активист.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына Сооронбай Жээнбековду  экс-президенттин статусунан ажыратуу жол-жобосун тартип сакчылары демилгелеп жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган..