Шамурза Бөрүкулов: «Эй, атың депутат, ал эми затың ким экени белгисиз депутат сөрөй!»
01-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Өмүрбек Бакиров деген бул депутат, Базар Коргондогу бир мектепте жоолук салган кызга карата болгон мамилеси үчүн мугалимди жазалоону сунуш кылыптыр.
Эй, атың депутат, ал эми затың ким экени белгисиз депутат сөрөй! Сен деген Жогорку Кеңештин депутатысың. Ал эми Кыргызстан светтик өлкө деген статусту алып жүрөт. Светтик өлкө дегенде, конституцияда жазылган ар бир мыйзам аткарылышы керек. Ар бир адам мыйзамды сыйлап жашаш керек. Ошол мыйзамдарда: мектептин тартиби, мугалим окуучуга кандай мамиледе болуш керек, ошол эле убакта окуучу да мектепти, мугалимди сыйлаш керек, окуучу кандай кийинип барыш керек деген эрежелер бүт жазылган. А сен, депутат сөрөй! мыйзамдын аткарылышын контролдогон, эл ишенип шайлаган депутатсың.
Сенин түпкү максатың эмне экенин сезип эле турабыз. Аш-паш дегиче, жакынкы күндөрдө парламентке шайлоо өтөт, Кудай буюрса. Өлкөдө чаламолдо дин бузарлар сан жагынан өтө көп. Сага ошолордун добушу керек.
Сенин ушул даражага жетип, парламентте бокко тойгон короздой кокоюп олтуруп калышыңа мугалимдин эмгеги чоң болуш керек? Бирок, парламентте балык депутаттардын катарында «өлбө жаным өлбө» деп күн өткөргөнүңө караганда, мектепти деле жыргатып бүткөн эместей көрүнөсүң? Болор болбос айлык үчүн ден-соолугун кетирип, нервин коротуп иштеп жаткан мугалимдерге рахмат айтышыбыз керек. Жазалаш керек болсо, мектеп тартибине баш ийбей, кызын ороп-чулгап мектепке жөнөткөн ата-энени жазалаш керек. Мектептин тартиби ар бир балага бирдей экенин билип ал, билбей көрөңдөнүп жүргөн болсоң», — дейт ал