Шахзоданын жолдошу каза болду
02-чын куран, 2020-ж // //30-мартта ырчы Шахзоданын жолдошу, продюсер жана «Tarona Records» үн жаздыруучу студиянын негиздөөчүсү Равшан Юлдашев 59 жашында каза болду. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Равшан Юлдашевдин күтүүсүз өлүмүнө инфарк себепкер болгон.
Эске салсак, Равшан Юлдашев белгилүү ырчы жана актриса Лола Юлдашеванын атасы.

БУЛАК: БАРСМЕДИА.КЖ