«Сентябрь» телеканалы Жогорку Сотко кайрылды

«Сентябрь» телеканалы Жогорку Сотко кайрылды

13-жетинин айы, 2017-ж // //

“Сентябрь” телеканалы Бишкектин Биринчи Май райондук соту каналдын ишин токтотуу боюнча мыйзамсыз жана негизсиз чечим чыгарган деп табуу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылды.
Телеканалдын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Жумабаева 22-августта чечим чыгарган. Каналдын жетекчилиги жана кызматкерлери муну сөз эркиндигин ооздуктоо деп баалашат.
Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна «Сентябрь» телеканалынын эфиринен жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген көрсөтүү чыккан деп арызданган.
Булак: maralfm.kg