Сегиз жашар баланы энесинин көзүнчө  милиция кызматкери аёсуз урган. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.

Маалыматта,  балдар аянтында уруша кеткен эки өспүрүмдүн  биринин атасы уулуна болушуп өспүрүмдү аёсуз сабап койгон. Анын жыйынтыгында өспүрүм алган жаракатынан улам ооруканага жатууга туура келди.

“Мен кичинекей уулумду алып короодо отургам. Чоң уулум балдар аянтында скейк тээп жүргөн. Кошуна аянтта ойноп жаткан ал курактуу бала ага таш ыргытып тийише баштады. Таш уулума тийди ал барып берки баланы чаап ийди. Мен кыйкырып токтотуп калдым. Ошону менен алар өздөрүнчө ойноп кетишкен. Мен кичине балам менен алаксып калыптырмын бир маалда кошунам айтып келди менин уулумду бирөө уруп жатканын. Алардын айтуусунда бир эркек келип уулумду башка чапканда ал жерге кулап түшкөн, баланы тургузуунун ордуна басып алып сабаган. Чыксам чын эле уулумду басып алып тепкилеп жатыптыр. Мен барып аралчалап ага баланы ушинтип урабы кулактан алып экинчи тийбе деп койсоң болот эле го дедим. Ал мага ээ бербей өз билгенин айтып басып кетти. Ал түнү уулум чыдай албай чыкты. Айлам кетип тез жардам чакырып уулумду ооруканага жаткырдык-дейт апасы.

Ал эми бул окуя боюнча сегиз жашар балага кол көтөргөн адам милиция кызматкери болгон. Ошондой эле ал ал тегеректе жашабаганын жанан баланы да апасын да көрбөгөнүн айткан. Ал эми жабырлануучунун апасы милицияга кайрылганда алар мындай конфликти алар карабай турганын айтып узатып коюшкан. Ал эми соттук экспертиза да өз көрсөтмөсүн жаңылап бала эч кандай жаракат алган эмес деп чыгарып берген.

Учурда баланын энеси кимге кайрылуу керектигин билбей турган учуру.