Сариевдин кубулма жүзү ачылды
10-аяк оона, 2018-ж // //Кырдаалга жараша кубулушуп, серепчи сөрөйлөр тажатты. Ким бийликте болсо ошого жараша кабак-кашын байкап, божомол-дөдөмөл пикирин айта салат.
Мына кезинде Атамбаевдин кылган ишин мактап, жактап пикир айтып жүргөн Марс Сариев бүгүн төөчөсүнчө тескери ушатып: «Атамбаев саясый пландан алганда азыр артында колдогон күчтөрү жок, сенек болуп катып бараткан фигура. Анын саясый салмагы азыркы учурда жокко эсе. Ал — толук саясый банкрот болду»,- деп шилекей чачыратты.
Бул божомол пикири менен ыңгайына жараша кубулган анык жүзүн ачты. Серепчи десе жагынуу позициясын карманып ойду-тоону айта бергенден уялбай калышты. Кудум «боёкчу, боёкчу десе атасынын сакалын боёптур» дегендей…
Булак: «Ачык саясат плюс»