Сапар Исаковдун бийликке келүү тууралуу ушагы жөн гана анын кыялындагы жомок

Сапар Исаковдун бийликке келүү тууралуу ушагы жөн гана анын кыялындагы жомок

09-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков тополоңдо түрмөдөн качып чыгып дайынсыз жоголду. Тагыраагы Орусиядан башпаанек алыптыр. Бирок эл арасына Францияда жүрөт деген ушак таркатып койгон.
Эми бул мурдагы чиновниктин таржымалын, баскан изин, кылган кылыгын айтпаган, жазбаган басылма, журналист калбады окшойт менимче. Килтейген Бишкек ЖЭБ баштап, шаарга отургузган көчөттөрдөн өйдө жеген кылмышкерибизди башпаанек берип сактап отурган Кремлге таң калабыз. Андан калса бийликке алып келет имиш ошол сарыны деген да каңшаар кеп таркаган. Бирок ал менимче жалган. Эми ошол сөздү таркатып жатканын карабайсыздарбы?! Өзү кылмышкер болсо, болгондо да коррупция беренеси. Анан кайдагы бийлик ага?! Сокурдун тилегени көз дегендей ал да жөн жатпай кыялданат окшойт Москвада.

Касымбек Жумаев