Сапар Исаков менен Эрмек Нургазиев чоң оюнга аттаныштыбы?
18-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарына он эки саат мэр боло калып, артындагы алдамчылык иштери үчүн айыпталып, кулап түшкөн Эрмек Нургазиев деген эргул бар. Бул бир жарым ай мурда Москвадагы экс-премьер-министр Сапар Исаков классташына жолугуп (экөө Ош шаарында бирге окуган), жакында чоң оюн кылуу вазыйпасын каңкуулаптыр.
Бул жактан аларды Чүйдүн тыңчыкмалары, Алмазбек Атамбаев жана анын электораты колдойт имиш. Сапар Исаков өлкөдөн качып кетип, Москвага инвестиция салып, бизнес кылып жүрөт. Анан каалаган убагында бузуку саясатчыларды чогултуп, бейөкмөтчүлөрдү кошуп, төңкөрүш жасаганга духу жетеби?
Азыр кымбатчылык болсо да, элибиз аны убактылуу кыйынчылык катары түшүнүүдө. Мындай каатчылыктан, буюрса, өтөбүз. Ал эми төртүнчү кагылышты мамлекетибиз көтөрө албайт, биз улут катары сакталып калышыбыз зарыл!
Булак: Азия News гезити