Салымбеков: “Жаралып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калууга чакырам”
24-бугу, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБизнесмен Аскар Салымбеков кризистен улам жаралып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калууга чакырды.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн «Дүйнө экономикасынын кайра түзүлүп жаткан фонунда «Дордойдун» экинчи жашоосу башталабы» аттуу брифингде сүйлөгөн.
«Кризис — бул жаңы мүмкүнчүлүктөр дагы. Мен канчалык татаал болгонуна карабастан жаралып жаткан мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калууга чакырат элем», — деди Салымбеков.