Президент Садыр Жапаров: «Ааламга жылмаюу тартуулаган айымдар майрамыңыздар менен куттуктайм!»

Президент Садыр Жапаров: «Ааламга жылмаюу тартуулаган айымдар майрамыңыздар менен куттуктайм!»

08-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

«Урматтуу Кыргызстандын аялдары!
Сиздерди бизге назик жаздын алгачкы деми менен келген эң сонун майрам – 8-март аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Аялдын назик ийининде коломтонун жылуулугу жана үй-бүлөлүк бакубатчылык гана эмес, жер бетиндеги тынчтык, бейпилдик жана жаратмандыктын оор жугу бар. Эненин жүрөгү бүт ааламды камтыйт деп бекеринен айтылбаса керек! Сиздерге, кымбаттууларым, биз жашоонун өзүнө милдеттүүбүз.

Байыртадан эле адамдар: «Аял өзүн жакшы сезсе, Аалам өзү жылмаят!» — деп айтышат. Ал эми бүгүн, ар дайым эле сиз бизди руханий сулуулугуңуз менен багындырып, жакшылыкка үмүт артып, чоң иштерге шыктандырып жатасыз.

Сиздерди дагы бир жолу ушул эң сонун майрамыңыздар менен куттуктайм! Сизге жана жакындарыңызга чың ден соолук, сүйүү, бакубатчылык, дагы да бактылуу көз ирмемдерди каалайм. Бактылуу болгула!»