Өзгөндө кайрадан жер көчүп 30 үйдү басып калды

Өзгөндө кайрадан жер көчүп 30 үйдү басып калды

06-бугу, 2017-ж // //

Жер көчкү 5-май күнү 14:30дар чамасында Курбу-Таш менен Маркс айылдарынын ортосунда жүргөн.
Ош облусунун Өзгөн районунда жер көчүп, 30 үйдү жана 35 электр мамычасын басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Көчкү 5-май күнү 14:30дар чамасында Курбу-Таш менен Маркс айылдарынын ортосунда жүргөн.

«Жаратылыш кырсыгы болорун алдын ала билгендиктен бул үйлөрдүн тургундарын башка жакка көчүргөнбүз. Эч ким жабыркаган жок», — дешти ӨКМден.

Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев Жалпак-Таш айылынын тургундарына жер көчкү болорун алдын ала эскертишкенин жана алар коопсуз жайга көчүрүлгөндүгү тууралуу маалымдаган. Айыл тургундарына 15 чатыр тигилип, медициналык пункт уюштурулду.
Булак: Спутник