Саясат

Орозайым Нарматова камакка алынды

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова 9-сентябрдан 10-сентябрга караган түнү саат 3тө УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Эмил Бекиев билдирди.

Анын айтымында, Орозайым Нарматова бүгүн Москвага учмак.

“Достор, бүгүн Москвага учуп келе жаткан Орозайым Нарматова УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Аны кандай айып менен кармаганы азырынча белгисиз.

Ал Москвада иштеп жүргөн. Бир тууган агасы каза болгонуна байланыштуу анын сөөгүн Кыргызстанга алып барып тажиясын өткөрүп кайтып кетмек. Бирок ага тоскоолдук жаралып, атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан кармалган”,- деди Бекиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *